Аксыда Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, калктуу конуштарга коркунуч жаратып жаткандыктан аймакка кечээ 5-июндан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу бүгүн ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады:
- 5-июнда Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрөну агызып, 5 турак жайга кооптуулук жаралган. Унаа жолдорго сел аралаш шагыл түшүп, жол каттамы кыйындаган. Ошондой эле Кашка-Суу айыл аймагында 10 турак жайга сел кирип, 65 үйдө сел каптоо коркунучу жаралууда.
Министр Кубатбек Бороновдун көзөмөлү астында райондо атайын штаб уюшулуп, бардык адистер жеринде ыкчам аракеттерди көрүүдө. (RsK)