Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 19:15

Путин менен Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты


Президенттер Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган

Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган дүйшөмбүдө телефондон сүйлөшүп, Катардагы кырдаалга байланыштуу Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүн диалог менен компромисске чакырышты.

Араб дүйнөсүнүн таасирдүү өлкөлөрү Катар менен алакаcын үзгөнүн дүйшөмбүдө жарыялашкан. Араб лидерлери Доха исламчыл радикал уюмдарды жана Иранды колдойт деп айыпташкан.

Эки президент тең бардык тараптарды Перс булуңундагы туруктуулукту жана дүйнөдө бейпилдикти сактоо үчүн компромисстик чечимдерди табууга чакырды. Ошондой эле алар Сириядагы "деэскалация зоналары" боюнча макулдашууну дагы талкуулашканын Рейтер агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG