Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ишин кароо 12-июнга калды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген отурумда адвокаттар иштин материалдары менен таанышууга дагы убакыт сурады. Натыйжада сот бүгүнкү отурумду токтотуу чечимин кабыл алды.
Ошондой эле бүгүн ишти алып барган судья Эмилбек Кайыпов соттук териштирүү маалында видеого тартууга тыюу салынарын айтты.
Жапаровдун тарапкерлери жана адвокаты Номанжан Аркабаев бул чечимди саясат менен байланыштырууда:
- Соттун бет ачар бөлүгүндө видеого уруксат бергени жана кийинки бөлүгүндө тыюу салганы - бул кылмыш иш саясий өңүттө каралап жатканынын далили.
Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жапаровдун камалышына нааразы болгон тарапташтары 25-мартта УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар.
Бийлик Жапаровдун иши саясатташты деген айыптоону четке кагууда. ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов буга чейин "Азаттыкка" маалымат берип жатып "Жапаровго төрт жыл мурда эле кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн. Ал качан, кайсы мезгилде биздин чек арага келгенде укук коргоо коргоо органдары козголгон иштин алкагында өз милдетин аткарышы керек болчу" деп билдирген.(RK/ZKo)