Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Бишкекте жаш генийлердин акыл таймашы өттү


Бишкекте жаш генийлердин үчүнчү эл аралык олимпиадасы өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Казакстандан жана Өзбекстандан келген 4 жаштан 16 жашка чейинки 200гө жакын кыз жана бала катышты.

Менталдык арифметика боюнча акыл таймашын Билим жана илим министрлиги бир нече жеке борбор менен чогуу уюштурду.

Мекеменин маалымат катчысы Айзура Чыкынованын айтымында, балдар бир эле мезгилде бир нече амал көрсөтүп, калыстар тобун таң калтырышты:

- Мисалы, Балыкчыдан келген Айжигит Жигитбеков татаал маселени кубик-рубикти чогултуп жатып эле чыгарып койду. Ал эми Чолпон-Атадан келген Дилбар эки секундада триллион болгон сандарды эсине тутуп калды.

Жеңүүчүлөргө түрдүү белектер тапшырылды. Ал эми эң мыкты жетишкендиктерге ээ болгондор кийинки айда Түркияда өтө турган менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага жолдомо алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG