Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Өзбекстандын вице-премьер-министри Азимов кызматтан алынды


Рустам Азимов
Рустам Азимов

Өзбекстандын маалымат каражаттары президент Ислам Каримовдун тушунда анын мураскери болот деп саналган, таасирдүү саясатчы Рустам Азимов вице-премьер-министрлик кызматтан алынганын жазып чыгышты.

6-июнда Азимовдун ордуна финансы министринин орун басары Жамшид Кучкаров дайындалганы белгилүү болду. Азимов "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" деп айтылганы менен кандай кызматка бекигени белгисиз.

58 жаштагы Азимов Өзбекстанды чейрек кылым башкарган Каримовдун ордун ээлей турган үч ыктымал талапкердин бири саналып келген.

2-сентябрда Каримов дүйнө салганы кабарлангандан кийин премьер-министр Шавкат Мирзиёев президенттин милдетин убактылуу аткарып туруп, 4-декабрдагы шайлоодон кийин бийликке отурган.

Мирзиёев 14-декабрда кызматка расмий киришип жатканда өзбек өкмөтүндө бир топ өзгөртүүлөр болорун убада кылган.

Азимов узак жылдар бою финансы министри менен вице-премьер-министрдин кызматтарын чогуу аркалап, өлкөнүн макроэкономикалык өнүгүүсүнө жана чет элдик инвестицияга жооптуу болгон.

XS
SM
MD
LG