Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Экзаменден кийин жанын кыйды деген окуучунун өлүмү иликтенүүдө


Милиция окуучунун өлүмүн иликтеп жатат. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтуусунда, окуя 5-июнда Свердлов районунда катталган. 15 жаштагы мектеп окуучусунун асынган сөөгү өз үйүнөн табылган. 

- Экзаменден начарыраак баа алып калган окшойт. Ошол таасир эткендир. Балким бирөө менен урушкандыр. Так себеби азырынча белгисиз. Териштирүү жүрүп жатат, - деген Осмонбаев азарынча кылмыш иш козголо электигин айтты. 

Адистер өспүрүм курактагы балдардын психикасы токтоло элек болгондуктан аларды туура тарбиялоо, жүрүм-турумун көзөмөлдөө зарылчылыгын белгилешет.

2015-жылы Кыргызстанда 100дөн ашуун өспүрүм өз жанын кыйганын акыйкатчы Кубат Оторбаев былтыр ноябрда билдирген болчу. (RK)

 

XS
SM
MD
LG