Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Тышкы иштер министри Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту


6-июндагы жолугушууда элчи Мухаммед ал-Наими Катардагы кырдаал тууралуу маалымат берип, андан чыгуу жолдору каралып жатканын айтты. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев араб өлкөлөрүндө Катарга жасалып жаткан мамилеге тынчсыздануусун билдирди. Министр Кыргызстан үчүн Перси булуңундагы бардык араб мамлекеттери менен достук мамиле кымбат экенин айтып, аймакта туруктуулук жана тынчтык сакталууга тийиш деген пикирин айткан.

Эрлан Абдылдаев Перси булуңундагы кырдаал аймактагы элдин кызыкчылыгы үчүн акылмандык менен чечилет деген үмүтүн билдирди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев Фейсбуктагы өз баракчасына Катардын Тышкы иштер министрлигинде өлкѳдѳгү акыбалга байланыштуу атайын жолугушууда болгонун маалымдады.

Анын айтымында, Катарда иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктар элчиликке кайрылып, кырдаал боюнча кабатырланууларын билдиришкен. Кыргызстандыктар мекенине каттап жүргөн «Флай Дубай» компаниясынын авиакаттамынын токтошуна да тынчсызданышкан. Элчи Нуран Ниязалиевдин маалыматы боюнча, бул суроолордун баары Катардын Тышкы иштер министрлигине жолдонгон. Министрликтин баш катчысы кыргызстандыктарга кооптонууга негиз жоктугун, мамлекет кадимкидей жашай берерин, бул маселе жакынкы арада чечилиши ыктымалдыгын айтып жооп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG