Жергиликтүү Le Parisien басылмасына өз булактары билдиргендей, полицияга кол салган теги алжирлик адам "Ислам мамлекети" террордук тобу менен байланышта болгон. Азырынча жихадчылар өздөрү бул окуяга жоопкерчилик алыша элек.
6-июнь күнү Париждин борборундагы Нотр-Дам чиркөөсүнүн жанында белгисиз киши полиция кызматкерине балка менен кол салган. Полиция ага ок чыгарып, жарадар кылган.
Күбөлөрдүн айтуусунда, кол салган киши "Сирия үчүн өч аларын" айтып кыйкырган.
Полициянын маалыматы боюнча, анын шериктери болгон эмес.