Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Улуттар Уюмунун расмий сайтындагы маалымат боюнча, баш катчы Антониу Гутеррештин Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга сапары 8-июнда башталат. Бул күнү Гутерреш Астанага учуп келип, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынына арналган салтанатка катышат. 9-июнда баш катчы казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат жана ШКУ саммитинин пленардык жыйынына катышат.

10-июнда Гутерреш Өзбекстанга сапар алып, Самаркандда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Күндүн экинчи жарымында Каракалпакстандын борбору Нукуска барып, Арал деңизиндеги кемелердин "көрүстөнүнө" зыярат кылат.

11-июнь күнү БУУнун баш катчысы Бишкекке келет. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң, Ош шаарына барып, июнь окуясынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.

12-июнда Антониу Гутерреш Тажикстанга барып, президент Эмомали Рахмон менен жолугушат. Туруктуу өнүгүү боюнча жыйынга катышат.

13-июнда Түркмөнстан борбору Ашхабадда Борбор Азиядагы терроризмге каршы күрөшүү стратегиясын ишке ашырууга арналган жогорку деңгээлдеги диалог-жыйынга катышат. Түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухаммедов менен да жолугушат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG