Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:03

Бүгүн жер-жерлердеги кесиптик-техникалык окуу жайларда "Жаштардын коопсуз жана татыктуу эмгеги" деген аталыштагы кесиптик кеңештер берилет. Иш-чарага мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, кесиптик кошуундардын адистери жана орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү катышат.

Иш-чара 2-июндан 12-июнга чейинки Балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөшүүгө арналган он күндүктүн алкагында өткөрүлүүдө.

12-июнь - Балдар эмгегине каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн.

Кыргызстанда балдарды эксплуатациялоого тыюу салынганы менен базарларда, соодада, талаада жана тейлөө тармагында иштеген балдардын саны миңдеп саналат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр балдардын 26% иштей турганын көрсөткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG