Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Бүгүнтөн тарта Бишкекте "Белдемчи" көргөзмөсү өтөт


Иш-чараны "Кийиз дүйнө" долбоору Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейи менен чогуу өткөрүүдө. Уюштуруучулардын бири, "Кийиз дүйнө" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулованын "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, көргөзмөгө өлкөнүн ар кайсы аймактарында музейлерде сакталып турган көөнө белдемчилерден тартып, азыркы убакта тигилгендерине чейин коюлат:

- Музейлерде экспонат болуп турган эски белдемчилер, жеке адамдар сактап келе жаткан белдемчилер коюлат. Кырктан ашуун белдемчинин коллекциясы бар, абдан эскилеринен тартып токсонунчу жылдары жасалганы да бар.

Асангулованын айтуусунда, көргөзмөдө илгерки үлгүлөрү сакталып тигилген жаңы белдемчилердин да көргөзмөсү болот.

Белдемчи көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде бир ай бою болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG