Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:37

Наманган облусунун Чартак районунун пенсионери Хусан Хожибаев ажылыкка велосипед менен жол тартты. Учурда ал Бухара облусуна жетти.

75 жаштагы Хусан Хожибаев велосипед менен жолго 2-июнда чыккан. Ал Түркмөнстан чек арасына 7-июнь күнү кечинде же 8-июндун таңында жетерин айткан.

Пенсионер Хожибаев Сауд Арабиясына баруу үчүн Түркмөнстан жана Ирандын жолдорун басып өтүшү керек. Бирок ал бул өлкөлөргө кирүү үчүн виза алган эмес. Анын айтымында, аксакалдын колунда Өзбекстандан “чыгуу” визасы гана бар.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөзүнө куран түшүрүү үчүн Самаркандга барган. Пенсионер анда 500 чакырым жол баскан эле. Фейсбуктун колдонуучулары аксакалдын сапарын “кичи ажылык” менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен.

Ажылык мусулмандар үчүн ыйык беш парздын бири болуп эсептелет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG