Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Сузакта чет элдик туристтерди куткаруу аракети жүрүп жатат


Жалал-Абадда нөшөр жаандан улам жолдо калган чет элдик туристтерге жардам берүү аракети көрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 6-июнда эки мотоцикл менен Жалал-Абаддан Нарынды көздөй саякаттап чыккан туристтер Сузак районунда, Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 76-чакырымында калып калышкан.

Катуу жааган жаандан улам кокту-колоттон түшкөн сел суусу жолду жууп, кум-шагыл толтуруп, жол каттамына кыйынчылык жараткан.

ӨКМнин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кызматкерлери бүгүн таңга жуук окуя болгон жерге чыгып кетишти. (RK)

 

XS
SM
MD
LG