Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

Жоголгон балдар туугандарынын үйүнөн табылды


Чүйдө эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан балдар Оштун Өзгөн районунан табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Назира Имангазиева билдирди:

- Балдардын абалы жакшы. Биздин маалымат боюнча алар туугандарыныкына кеткен. Ал жакка кантип жеткенин азыр тактап жатабыз.

Панфилов районунда жашап жаткан 12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбеков, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекова жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова 5-июнда кечке маал үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Балдардын ата-энеси бүгүн Ошту көздөй жолго чыкты. (AiA/RK)

XS
SM
MD
LG