Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Кытай Пакистанга аскерий базасын жайгаштырууну көздөөдө


Бээжиндеги аскерий парад. 2015-жыл
Бээжиндеги аскерий парад. 2015-жыл

Бул тууралуу АКШнын коргоо министрлиги Пентагон жарыялаган жаңы баяндамада айтылат.

Андагы маалыматка караганда, Бээжин өзүнүн чет жактагы экинчи аскерий жайын Пакистанда жайгаштырууну көздөөдө. Биринчиси, тагыраак айтканда деңиздеги аскерий база Чыгыш Африкадагы Жибути өлкөсүндө курулганы турат.

Баяндамада көргөзүлгөндөй, Пакистан азыр эле Кытайдын курал-жарагы үчүн Азия-Тынч океан аймагынан башкы кардарлардын бири.

Кытайдын 2011-2015 -жылдардагы 20 миллиард долларлык курал экспортунун жарымына жакыны мына ушул чөлкөмгө туура келген.

Былтыр Бээжин менен Исламабад Пакистандын суу алдында жүрүүчү сегиз кеме сатып алуусун караган келишим түзгөн эле.

Кытайдын аскерий жактан кеңейишинин анын башка стратегияларына да байланышы бар.

Бээжиндин “жаңы Жибек Жолу”, "Бир жол, Бир алкак” демилгелери Азия, Африка, Европанын ортосунда сооданы кеңейтүү үчүн жаңы портторду, темир жана кара жолдорду курууну карайт.

Кытайдын расмий жарыяланган аскерий бюджети азыр жылына 180 миллиард доллардан ашып калды. (UE)

XS
SM
MD
LG