Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Тегерандын эки жеринде атышуу болду


Аятолла Рухолла Хомейнинин Тегерандагы мавзолейи.
Аятолла Рухолла Хомейнинин Тегерандагы мавзолейи.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, атышуулар Иран парламентинде жана аятолла Рухолла Хомейнинин Тегерандагы күмбөзүндө болду.

Фарси маалымат агенттигинин кабарына караганда, Хомейнинин Тегерандын түштүк тарабындагы күмбөзүндө куралчан адамдын ок ачуусунан бир нече киши жаракат алган.

Мамлекеттик теле Хомейнинин күмбөзү жанында кол салгандар төртөө экенин, арасында жанкечти да болгонун кабарлады.

Ошол эле маалда парламент имараты ичинде да кеминде бир адам ок ачып, ал жердеги сакчылардын бири жаракат алган.

Ирандык депутаттардын бири Илияс Хазратинин айтымында, парламент ичинде эки "Калашников" автоматы жана тапанча менен куралданган үч адам болгон. Кээ бир маалыматтарда ал жерде үч адам ок жегени айтылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG