Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн үч мыкты күрөшчүсүнүн катарына кирди. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму (United World Wrestling) дүйнөдөгү мыкты балбандарынын кезектеги рейтингин жарыялады.
Май айында өткөн Азия чемпиондугунда (Нью-Дели, Индия) жана Ислам Шериктештиги оюндарында (Баку, Азербайжан) жеңүүчү болгон Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограммга чейинки салмактагылар арасында 4-катардан 3-тепкичке жогору көтөрүлдү.
Бул салмакта Олимп оюндарынын төрт жолку чемпиону, жапониялык Каори Ичо көч башын дагы да болсо жетектеп турат. Буга чейин үчүнчү катардагы тунистик Марва Амри экинчи орунга көтөрүлдү. (ECh)