Ысык-Көл жээгиндеги Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу 20-июнга чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын белгилешинче, жолдун башка тилкелерин оңдоо иштери да улана берет, бирок туристтерге тоскоолдук жаратпоо чаралары көрүлөт.
Көл боюндагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Бул иш чыр менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Жолдун жалпы узундугу 104 чакырым. (RK)