Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Казак соту Аблязовду 20 жылга сыртынан кести


Мухтар Аблязов француз абагынан чыккан учур. 9-декабрь, 2016-жыл.
Мухтар Аблязов француз абагынан чыккан учур. 9-декабрь, 2016-жыл.

Алматынын соту ири ишкер жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовду “кылмыштуу топ түзүп башкараганы, кызматынан кыянат пайдаланганы, ири өлчөмдө акча уурдаганы үчүн” айыптуу деп тапты.

Кылмыш ишинде Аблязов менен чогуу айыпталган үч адамдын бирөө он беш жылга кесилди, экөө шарттуу соттолду.

Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада өз эрки менен бозгунда жашайт.

Казак бийликтери ал БТА банкты башкарып турган кезинде кол алдындагы кызматкерлер менен бирге беш миллиард доллар акчаны жоготкон деп ырасташат.

Аблязов болсо өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш ишинин саясий жүйөсү бардыгын айтып келүүдө.

Мурдагы банкирге Орусия да издөө салып, Москванын суроо - талабынын негизинде Аблязов 2013-жылы Францияда камакка алынган болчу.

Ал француз абагынан былтыр 9-декабрда бошотулган. Мунун алдында Франциянын эң жогорку соттук инстанциясы Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча чечимди токтотуп, Москва анын өткөрүп алуу өтүнүчүн саясий жүйөдөн улам жасады деп тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG