Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Түркияда Эл аралык Мунапыс уюмунун жергиликтүү башчысы кармалды


Камакка алынган Танер Кылыч.
Камакка алынган Танер Кылыч.

Танер Кылыч жана дагы 22 адвокат АКШдагы динаятчы Фетхулла Гүлендин кыймылына байланышы бар деген шек менен Измир провинциясында камакка алынышты.

Эл аралык Мунапыс уюмунун баш катчысы Салил Шеттинин айтымында, “Түркиянын бийликтери азыр тебелөөнү көздөп жаткан киши эркиндиктерди узактан бери эң мыкты” коргоп келе жаткан.

Былтыр июлдагы аскерий төңкөрүш аракетинен бери Түркияда 50 миңдей адам камакка алынды, аскерлерди, полицейлерди, мугалимдерди, мамлекеттик кызматчыларды кошкондо 150 миңдей киши иштен бошотулду.

Түрк бийликтери бул чараларын 240тан ашуун адам мерт болгон аскерий төңкөрүш аркетинин олуттуулугунан деп актоодо.

Расмий Анкара бул окуянын артында турат деп АКШда бозгунда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленди айыптаган.

Гүлен болсо өз тарабынан төңкөрүш аракетин айыптаган жана ага кандайдыр бир катышы бардыгын четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG