Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Тегерандагы бүгүнкү кол салуулардын чоо-жайы билинүүдө


Параламент имараты жанына коопсуздук күчтөрү тартылган учур. 7-июнь, 2017-жыл.
Параламент имараты жанына коопсуздук күчтөрү тартылган учур. 7-июнь, 2017-жыл.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, кол салуулар бүгүн Тегерандын эки жеринде: парламент имаратында жана аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинде болду.

Иран борборунан түшкөн маалыматтарга караганда, Хомейнинин күмбөзүндө кеминде үч адам ок ачкан.

Мамлекеттик теле Тегерандын губернатору Хуссеин Хашемиге шилтеме жасап, ал жерде кол салгандардын бири өзүн-өзү жардырганын, экинчисин коопсуздук күчтөрү өлтүргөнүн, калгандары кармалганын кабарлады.

Губернатор ошондой эле мавзолейдеги кол салуудан бир кызматкер өлүп, бир нече адам жаракат алганын да билдирди.

Аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейи Тегерандын түштүк тарабында жайгашкан.

Ал эми борбордо, парламент имараты ичинде да куралчандар ок ачканда сакчылардын бири мерт болуп, сегиз киши жаракат алганы кабарланууда.

Ирандык депутаттардын бири Элиас Хазратинин айтымында, парламент ичинде эки "Калашников" автоматы жана тапанча менен куралданган үч адам болгон.

Мамлекеттик теле бул жерде кол салгандардын бири да өзүн-өзү жардырганын маалымдады.

"Тасмин" деген жаңылыктар агенттигинин кабарында болсо, парламент имараты ичинде төрт адам барымтага алынганы айтылат.

Маалыматтарга караганда, эки кол салуу тең бир учурда жасалып, координациялангандай. (UE)

XS
SM
MD
LG