Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Майлуу-Сууда зордуктоого шектелген топ кармалды


Майлуу-Сууда 41 жаштагы аялды күч колдонуп кармап, бир нече күн зордуктап жүргөн деп шектелген топ кармалды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 18-майында Майлуу-Суудан Жалал-Абад шаарына жолго чыккан аялды бейтааныш үч адам унаасына отургузуп, дарегине жеткирип коюуну убада кылган. Бирок аны ур-токмокко алып, Майлуу-Суудагы батирлердин бирине алып кетишкен. Чачын кырып, зомбулук көрсөтүшкөн.

Жабыркаган аял учурда ооруканада жатат. Милицияга арыз жазып, 18-25-май аралыгында камоодо жатканын, эсине келип бир жумадан кийин эшикти бузуп, кошуналардын жардамы менен аман качып чыкканын айтып берди.

Окуяга байланыштуу кылмыш иш козголду. Шектүүлөр ушул эле шаардын 41, 36 жаштагы жана Бүргөндү айылынын 22 жаштагы тургундары. (RsK)

XS
SM
MD
LG