Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Тегерандагы бүгүнкү кол салуулар үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Кол салуу учурунда парламент имаратынан жаш бала сыртка чыгарылууда. 7-июнь, 2017-жыл.
Кол салуу учурунда парламент имаратынан жаш бала сыртка чыгарылууда. 7-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнүн пропагандалык куралы катары пайдаланган жаңылыктар агенттигинин билдирүүсүндө айтылат.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, кол салуулар бүгүн Тегерандын эки жеринде: парламент имаратында жана аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинде болду.

Иран борборунан түшкөн маалыматтарга караганда, Хомейнинин күмбөзүндө кеминде үч адам ок ачкан.

Мамлекеттик теле Тегерандын губернатору Хуссеин Хашемиге шилтеме жасап, ал жерде кол салгандардын бири өзүн-өзү жардырганын, экинчисин коопсуздук күчтөрү өлтүргөнүн, калгандары кармалганын кабарлады.

Губернатор ошондой эле мавзолейдеги кол салуудан бир кызматкер өлүп, бир нече адам жаракат алганын да билдирди.

Аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейи Тегерандын түштүк тарабында жайгашкан.

Ал эми борбордо, парламент имараты ичинде да куралчандар ок ачканда сакчылардын бири мерт болуп, сегиз киши жаракат алганы кабарланууда.

Ирандык депутаттардын бири Элиас Хазратинин айтымында, парламент ичинде эки "Калашников" автоматы жана тапанча менен куралданган үч адам болгон.

Мамлекеттик теле бул жерде кол салгандардын бири да өзүн-өзү жардырганын маалымдады.

"Тасмин" деген жаңылыктар агенттигинин кабарында болсо, парламент имараты ичинде төрт адам барымтага алынганы айтылат.

Маалыматтарга караганда, эки кол салуу тең бир учурда жасалгандыктан, координациялангандай. (UE)

XS
SM
MD
LG