Бүгүн Бишкекте кыргыздын улуу ырчысы Муса Баетовдун 115 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү. Анда улуу ырчынын чыгармалары аткарылып, музыкалык мурасы эскерилди.
Муса Баетов 1902-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында төрөлгөн. 1916-жылкы Үркүндө Кашкарга чейин барып, кийинки жылы мекенине кайтып келген. Анын чыгармачылыгы 1930-жылдардан башталган. Алгач Нарында, андан соң Бишкекте филармонияда, опера жана балет театрында солист болгон. 1939-жылы Кыргызстандын Москвадагы маданият күндөрүнө катышып, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетов “Эсимде”, “Сагынам”, “Окудуң борбор шаарынан”, “Арпанын Ала-Тоосунан” сындуу көп жылдардан бери аткарылып келаткан обондуу ырлардын автору. (BSh)