Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:55

Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматынын башчысынын орун басары Жан-Кристоф Белльяр 7-8-июнь күндөрү Бишкекке расмий сапар менен келди.

7-июнда ал өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен жолугушту. Жолугушууларда Белльяр Кыргызстанда демократиялык реформалар жүрүп жатканын кубаттады. Ал ошондой эле өлкөдөгү азыркы кырдаалды талкуулап, октябрь айында болуучу президенттик шайлоону ачык жана эркин өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары Жан-Кристоф Белльяр Евробиримдик Кыргызстанга берип жаткан жардамды да белгилеп, мындан аркы кызматташууга даярдыгын маалымдады:

- Мени Кыргызстандын Евробиримдик менен кызматташтыкты бекемдөөгө аракет кылганы терең ыраазы кылат. Евробиримдик демократиялык эркиндикти, укук үстөмдүгүн жана базар экономикасын бекемдөөгө багытталган реформаларды колдоого даяр. Биз Кыргызстанды жана аймактагы башка өлкөлөрдүн кызматташтыгын кубаттап, колдойбуз.

8-июнда Жан-Кристоф Белльяр Евробиримдик жана Борбор Азиядагы коопсуздук жана саясат маселесине арналган диалогго катышат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG