Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:49

Украин аскерлери менен орусиячыл жикчилер ортосундагы уруш Луганск облусундагы Желебок деген кыштакта жүрүүдө.

Тараптар кырдаалдын курчушу үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

Украин тараптын маалыматы боюнча өзүн-өзү жарыялаган “Луганск элдик республикасынын” жактоочулары шаршемби эртең менен өкмөттүк күчтөрдү ири калибрдеги артиллериядан ата баштаган. Андан бир аскер кызматчысы өлүп, жетөө жараат алган.

Жикчилердин өкүлдөрү болсо өз кезегинде украин аскерлери Луганск облусунда, анын ичинде Желебок кыштагында эки тарапты бөлгөн тилкени бузуу аракетин жасаганын айтууда.

Дал ушул аймакта акыркы ирет кырдаал быйыл мартта курчуган. Анда Киев жикчилердин чабуулуна жооп кайтарууга аргасыз болгонун билдирип, эки аскер кызматчысынан айрылган. Он чакты жоокер жараат алган.

Украинанын чыгышында 2014-жылы жазында тутанган куралдуу кагылыштардан азыркыга чейин 9900дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG