Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Германия Түркия базасынан аскерлерин чыгарат


Инжирлик аба базасындагы немис учактары. 2016-жылы тартылган сүрөт.
Инжирлик аба базасындагы немис учактары. 2016-жылы тартылган сүрөт.

Немис өкмөтү Түркиянын "Инжирлик" аба базасынан өз аскерлерин жана чалгынчы учактарын чыгарууну чечти.

Мунун алдында Түркия Германия депутаттарынын базадагы аскерлерине баруусуна мүмкүндүк бербей койгон эле.

Эми Германиянын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы коалициядагы аскерлери менен учактары Иорданияга жайгаштырылат.

Түркиянын "Инжирлик" базасында Германиянын 270 аскери жана “Торнадо” үлгүсүндөгү алты чалгынчы, бир май куюучу учагы турган.

Анкара базага немис депутаттарын Германиянын алар былтыркы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталган жоокерлерге жана адамдарга башпаанек берген чечимине каршылык иретинде киргизбей койду.

Эки өлкөнүн мамилеси Түркияда эки немис журналистинин камакка алынышына, Берлин түрк бийликтерине быйыл апрелдеги референдум алдында Германиядагы түрктөр арасында үгүт митингдерин өткөрүүсүнө жол бербей койгонунан улам да чыңалган. (UE)

XS
SM
MD
LG