Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Бишкекте "атамекенчилердин" соту уланат


5-июнь

Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат. Өткөн жараянда сот бүгүнкү процессти тасмага тартууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алган. Буга Текебаевдин партиялаштары жана жакындары "соттун акыйкатсыз өтүшүн шарттайт" деген жүйө менен нааразылык билдиришүүдө.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту 5-июнь күнү башталган. Анда адвокаттардын иштин материалдары менен толук таанышып бүтпөй калгандыгына байланыштуу үч күн убакыт берилген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегакомго" байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып менен, 26-февралда камакка алынган. Анын ишине байланышы бар деп, экс-министр Дүйшөнкул Чотонов да камалган.

"Ата Мекен" партиясы бул айыптоолорду саясий куугунтук деп атап келет.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG