Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Аксыда дарыя суусу күйдүргү очогу көмүлгөн жерге жетип калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Аксыда кооптуу жагдай түзүлгөн жерде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Мекемеден кабарлашкандай, кечээ кечинде Авлетим дарыясынын нугу жээкти жеп, сол жээгиндеги күйдүргү очогу көмүлгөн жерге жетип калган.

Ошондой эле катуу жааган жамгырдын кесепетинен Тегирмен-Сай айылында сел суусу Авлетим-Товар-Сай ички чарбалык унаа жолун жана турак жайларды каптаган.

Жээктерди бекемдөө үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, тиешелүү техника тартылган.

Сел калдыктарын тазалоо иштери улантылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG