Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн эки күндүк иш сапар менен Казакстан борбору Астанага барат. Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.
Андан тышкары Алмазбек Атамбаев ШКУ жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат. (RK)