Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Сот Текебаевдин ишин видеого тарттырбай кароону чечти


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту өтүп жатат.

Адвокаттар соттун жүрүшүн видеого тартууга уруксат берүү өтүнүчүн келтирди.

Текебаев өзү күнөөсү жок экенин, сот процесси керек болсо жалпы эл көрө алчудай түз эфирде жүрүшү керектигин айтууда.

Ал эми прокуратура өкүлдөрү видеого тыюу салууну сунуштап, муну "күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында" деп түшүндүрдү. Бирок адвокаттар "Кайсы күбөлөрдү айтып жатасыңар?" деген суроо коюшту. Себеби өткөн отурумда күбө катары президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир топ саясатчыны чакыруу өтүнүчүн сот четке каккан болчу. Прокурорлор аларды чакыруу зарылчылыгы жок дешкен.

Судья Эрнис уулу Айбек "иш саясатташты" деген жүйөнү четке кагып, видео, сүрөткө тыюу салуу тууралуу мурда кабыл алган чечимин күчүндө калтырды.

Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов да кармалган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG