Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалды, ал кыргыз жараны. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.
Маалыматта "6-июнда террордук акция өткөрүүнү көздөп жаткан эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды. Ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген. Ошондой эле ЭТУ башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып, колго жасалган жардыруучу түзүмдү даярдап жаткан" деп айтылат.
Кармалган адамдын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу түзүмдүн тетиктери, нускамалары, аудио-видео материалдар жана экстремисттик мүнөздөгү китептер, гранаталар, ар кандай калибрдеги ок-дары табылганы да кабарланды.
Кылмыш иш козголуп, шектүү жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. (RK)