Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Сот Чотоновду камактан бошотууга макул болгон жок


Дүйшөнкул Чотонов
Дүйшөнкул Чотонов

Сот Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырууну чечти.

Чотоновдун адвокаттары бүт тергөө амалдары аяктап, күбөлөр суралып бүткөнүнө байланыштуу жана анын мурда соттолбогонун, коомдогу кадыр-баркы менен аброюн эске алып баш коргоо чарасын камакта кармоого байланышпаган чарага өзгөртүү өтүнүчүн келтирген болчу. Соттолуучу Текебаев да бул өтүнүчтү колдогон.

Бирок прокурорлор Чотоновго “коюлуп жаткан айыптын оордугуна, ал бош жүрүп, күбөлөргө таасир этиш ыктымалдыгына байланыштуу” бул өтүнүчтү канааттандырбоого чакырган. Ошондой эле алар тараптан “тергөө маалында изин жашырып кеткен Абдылдаевдин качып кеткенине” байланыштуу деген жүйө келтирилип жатканда адвокаттар жактан “...Батукаев” деген реплика угулду.

Улуттук коопсуздук комитети Текебаевдин ишине байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялаганын 5-июнда билдирген.

Бир нече оор кылмыш үчүн соттолгон “криминалдык авторитет” атыккан Азиз Батукаев 2013-жылы түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратып, “Батукаевди ким чыгарды?” деген суроо жоопсуз калган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орус жаранынан “Мегаком” компаниясы боюнча ири суммада пара алган деп быйыл февралда УКМКга камалган. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, ал да УКМКнын тергөө абагында жатат.

Бүгүн алардын соту боюнча экинчи отурум өтүүдө. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек карап жатат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG