Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Текебаевдин тарапкерлери нааразылык акциясын уюштурду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери сот имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Бир нече адам ак чүпүрөк менен көзүн байлап алды. Муну менен алар сот процессин видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салган судьянын чечимине протест билдирүүдө.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орус жаранынан “Мегаком” компаниясы боюнча ири суммада пара алган деп быйыл февралда УКМКга камалган. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, ал да УКМКнын тергөө абагында жатат.

Бүгүн алардын соту боюнча экинчи отурум өтүүдө. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек карап жатат.

Бүгүнкү сот отурумунда аудиого гана жаздырууга уруксат берилген.

Соттолуучулардын тарапкерлеринин көбү ушу тапта сот имаратынын сыртында турат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG