Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Нөшөргө карабай иштеген патрулдук милиционер сыйга татыды


Нөшөргө карабастан өзүнүн кызматтык милдетин аткарып, жаан алдында иштеп жаткан патрулдук милиция кызматкеринин аты-жөнү такталды. Бишкек шаардык патрулдук милициясынын маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Таалай Бугубаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал милициянын старшинасы Азим Асанов:

- Ички иштер органдарында 10 жылдан бери иштеп келатат. Тартиптүү, кичи пейил, жоопкерчиликтүү кызматкер. Жаандын төккөнүнө карабастан Бишкектин Иса Ахунбаев жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнө тиешелүү жерде жол коопсуздугун камсыз кылып иштеди.

6-июнда Бишкекте катуу жаан жаап, шаардын айрым жерлеринде электр өчкөндүктөн светофорлор иштебей калган. Жука көйнөкчөн патрул кызматкери жолдо тыгын пайда болбошу үчүн жаанга карабастан кыймылды жөнгө салып иштеп жатканы чөнтөк телефонго тартылган видео бүгүн интернетте кызуу талкуу жаратып жатат.

Таалай Бугубаевдин айтымында, Асановду сыйлоо сунушу Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Ал эми патрулдук милициянын өздүк курамы аны дүйшөмбү күнү сыйлаганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG