Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Атамбаев Аксыдагы абалды талкуулады


Аксы, Авлетим аймагы
Аксы, Авлетим аймагы

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Аксыдагы абалды талкуулады.

Министр соңку жагдай жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, опурталдуу жерлерде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир топ тапшырмаларды берди.

Жалал-Абаддын Аксы районунда 4-июнда сел жүрүп, кооптуу кырдаал түзүлгөнүнө байланыштуу жергиликтүү бийликтин чечими менен бул аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.

Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал азыр да сакталып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG