Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Текебаев менен Чотоновдун негизги ишин кароо убактылуу токтоду


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун Биринчи Май райондук сотундагы процесси убактылуу токтоду.

Буга Чотоновдун адвокаттарынын шаардык сотко кайрылуусу себеп болду. Алар Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөтүүнү өтүнүшкөн, бирок прокурорлор каршы чыгып, натыйжада судья Эрнис уулу Айбек өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Мындай чечимге нааразылык билдирген адвокаттар шаардык сотко арызданды.

Райондук сот УКМК тергеген ишти 5-июнда карап баштаган. Текебаев 2010-жылы орус жаранынан ири суммада пара алган деген шек менен февраль айында кармалып, көп өтпөй ушул эле ишке байланыштуу Чотонов камалган. Экөө тең УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Соттолуучулар кылмыш иш бийликтин буйругу менен саясий максатта козголгонун айтып келет, ал эми Башкы прокуратура бул айыпты четке кагууда.

Бүгүнкү отурумда судья соттук отурумдарды видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салган чечимин күчүндө калтырды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG