Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Президент Атамбаев Астанага барды


Президент А.Атамбаев Астана шаарына келди. 08.6.2017.
Президент А.Атамбаев Астана шаарына келди. 08.6.2017.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Астана эл аралык аба майданында Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов, Кыргызстандын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнарбек Токтомушев тосуп алышты.

Президент Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация бүгүн Астанада ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитинин урматына арналган концертке, 9-июнда "Астана ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.

10-июнда Астанада президент Алмазбек Атамбаевдин Чехиянын президенти Милош Земан менен жолугушуусу белгиленген. Анда учурдагы кыргыз-чех кызматташтыгы маселелери талкууланат.

Атамбаев жетектеген расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, президенттин коомдук кеңешчиси Икрамжан Илмиянов бар. (NT/ZKo)

XS
SM
MD
LG