Өлкө бийликтери маалымдагандай, Тегерандагы кечээги кол салуудан мерт болгондор саны бүгүн 17ге жетти.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган чабуулдан дагы 40тан ашуун киши жарадар болгон.
Бул аралыкта Ирандын Чалгын министрлиги кол салууга катышкан беш адам “Ислам мамлекети” тобуна Ирак менен Сирияда кошулган ирандыктар экенин билдирди.
Министрлик алардын ысымдарын да атап, денелеринин сүрөттөрүн да жарыялады.
Бийликтин ырастоосунда, кол салуу жасаган топ өлкөгө былтыр жайда теракт жасоо максаты менен кайтып келген жана бийлик алардын түйүнүн бузган кезде качып кетүүгө үлгүргөн.
Куралчандардын бир тобу кечээ Тегеранда парламент имаратына кирип барса, экинчи тобу аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейинде кол салуу жасаган. Ага катышкандардын баары күч түзүмдөрү тарабынан жок кылынганы маалымдалды.
Иран медиасы алардын кеминде экөө жанкечтиликке барганын кабарлаган. Полиция бул окуяга байланыштуу дагы бир нече адамды кармаганын билдирүүдө. (UE)