Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Москвада абактагылардын укугун коргогон уюмдун кеңсеси тинтилди


"Русь сидящая" уюмунун жетекчилери медиага маалымат берүүдө. Москва, 8-июнь, 2017-жыл.
"Русь сидящая" уюмунун жетекчилери медиага маалымат берүүдө. Москва, 8-июнь, 2017-жыл.

"Русь сидящая" деп аталган бейөкмөт уюмдун директору Ольга Романованын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, кеңсени шаардык полициянын коррупцияга каршы күрөшүү жана экономикалык коопсуздук кызматкерлери тинтип, алардын каржылык документтерин алып кетишти.

Романованын айтымында, полицейлер тинтүү мамлекеттик бюджеттин акчасын уурдоо боюнча тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

Уюмдун координатору Алексей Федяровдун айтымында, аларды мамлекеттик бюджеттен эч кандай колдоо алышпайт.

Полиция жана шаардык бийликтер бейөкмөт уюмдун кеңсеси тинтилишин комментарийлей элек.

"Русь сидящая" уюму адатта Орусиянын түрмөлөрү менен абактарында отургандардын укугун коргоо менен алектенет.

Кремлдин сынчылары президент Путиндин бийлиги оппоненттери менен активисттерди куугунтуктоо үчүн күч түзүмдөрүн колдоноруна көңүл буруп келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG