Алмазбек Атамбаев Тегерандагы кол салууларда набыт болгондорго байланыштуу өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, "Кыргызстан тынч жана күнөөсүз тургундарга багытталган адамгерчиликсиз кадамдарды айыптай турганын" билдирди.
Мамлекет башчы бул каргашада набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ал эми жаракат алгандардын эртерээк сакайып кетүүсүн каалаган.
7-июнда Тегеран шаарында эки жерде кол салуу болуп, 13 киши набыт болуп, 43 адам жаракат алган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган. (ZKo)