Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Баткендик дыйкандар ашкабак айдашты


Ашкабак
Ашкабак

Баткендеги "Алыш-Дан" био-кооперативи быйыл орусиялык "Солнечная Планета" компаниясы менен миң тонна ашкабак өндүрүүгө келишим түзүп, 15 гектар аянтка бул өсүмдүктүн уругун септи. Бул тууралуу аталган кооперативдин башчысы Турсунали Төлөмүшов "Азаттыкка" билдирди:

- Биз бул компания менен өткөн жылдан бери кызматташып келе жатабыз. Аларга органикалык өрүк өндүрүп бергенбиз. Быйыл өрүк болбой калгандыктан, ашкабак айдап, миң тонна түшүм алып берүүбүздү сурашты. Алдын ала үрөн үчүн каражат бөлүп беришкен. 2-3-июнь күндөрү компаниянын адистери Москвадан келип, ашкабак айдалган талааны көрүп, дыйкандардын иши менен таанышып кетишти.

Турсунали Төлөмүшовдун маалыматы боюнча кийинки жылдары ашкабактын аянтын кеңейтүү жагы каралууда. "Алыш-Дан" био кооперативи бул өнөктөштүктү кийинки жылдары бүт райондун фермерлерине таркатуу ниетинде.

Ашкабак - (лат. Cucurbita, L., 1753) - бир же көп жылдык өсүмдүк. Дүйнө жүзүндө 20дай түрү бар. Уругу дарылыкка колдонулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG