Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Өкмөт: Орусияда жүргүнчү ташыгандар көбү документин эбак тууралап алган


Russia -- Moscow, 2012
Russia -- Moscow, 2012

Орусияда жүргүнчү ташып иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын көбү өз убагында документтерин мыйзамга тууралап, орусиялык үлгүдөгү айдоочулук кубөлүктү алып алышкан. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү кабарлоодо.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда Орусиянын 1995-жылы кабыл алынган “Жол коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына ылайык, өлкө ичинде жүрүнчү ташып ишкердик кылууга Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алгандар гана укуктуу деген норма быйыл күчүнө кирери 2013-жылы жарыяланганы айтылат.

“Бул мыйзам Орусияда иштеген биздин жарандардын бир аз гана бөлүгүнө тийиштүү болот. Бирок ошого карабастан Кыргыз Республикасынын өкмөтү быйыл 31-мартта Евразия экономикалык коллегиясына бул маселеге байланыштуу кайрылуу жолдоду. Ал аталган коллегиянын кезектеги жыйынында каралышы пландалууда. Мындан тышкары орус өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деп кабарлайт кыргыз өкмөтү.

Кечээ бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, 1-июнда күчүнө кирген жаңы эреженин айынан Кыргызстандын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүк менен Орусия аймагында жүргүнчү ташып эмгектенген кыргыз жарандары жабыркап жатканын айткан депутаттар өкмөт эмгек мигранттарынын укугун коргобой жатат деген сын айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG