Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Аида Салянованын соту 16-июнда өтмөй болду


Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш ишти Бишкектин Ленин райондук соту 16-июнда кароону чечти. Салянованын «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, бүгүнкүгө пландалган соттук отурумдун башка күнгө которулушуна ага адвокаттын келбей калганы себеп болду:

- Адвокаттын Ысык-Көлдө процесси бар экен. Мындай берене боюнча иш адвокатсыз каралбайт негизи. Ал өтүнүчүн келтириптир, сот макул болду.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. Ага карата “өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат” баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Алгач ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, кийин соттолуучу тараптын "Юстиция министрлиги Ленин районунун аймагында жайгашкан" деген өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна которулган.

Салянова өзүнө тагылган айыпты негизсиз каралоо жана саясий куугунтук деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG