Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Террорчу деп кармалган баланын апасы УКМКны айыптоодо


Кыргызстанда террордук акция уюштурууну көздөп, ага даярданып жаткан деп кармалган жарандын апасы Гүлола Ташпаева бул айыптоону четке кагууда. Бүгүн ал "Азаттык" менен байланышып, УКМКны айыптады:

- 2016-жылы экөөбүз Орусияга барып, тигүү фабрикасында чогуу иштеп жүрдүк. Бир жарым ай мурда ал Кыргызстанга карындашы менен бирге кайткан. Мен 5-июнда келдим, эртеси күнү баламды кармап кетишти. Ал башка айылда устачылык кылып жүргөн жеринен 6-июнда кармалыптыр. Ошол эле күнү атайын кызмат өкүлдөрү бизди бир бөлмөгө кармап, өз алдынча тинтүү жүргүзүп, ок дары жана граната табылды деп айтышты. Бирок мунун баарын өздөрү уюштурушкан,- дейт Ташпаева.

Кармалган бала, апасынын айтымында, эмки айда 18 жашка толот. Үй-бүлө Сузак районунун Ырыс айылында жашайт. Атасы бир топ жыл мурда соттолуп, камалып кеткен.

УКМК кечээ 8-июнда Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалганын, ал кыргыз жараны экенин билдирген. Ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келгени, эл аралык террордук уюмдум башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып, колго жасалган жардыруучу түзүмдү даярдап жатканы айтылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG