Кыргызстанда укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганына камтама болууда. Бүгүн түштөн кийин алар Бишкектеги БУУ үйүнүн алдында “Саясий жана жарандык укуктарды коргоо” боюнча тынч митингге чыкканы жатканын “Азаттык” радиосуна “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова кабарлады. Ал бейөкмөт уюмдар таза шайлоо өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү укугунан ажыраганын дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү максатын көздөп жаткандарын айтууда:
- Анткени шайлоодо биз статистикада гана отурабыз, мыйзам бузуулар болуп жатса сотко кайрыла албай калдык. Экинчиден, бейөкмөт уюмдардын 20га жакын өкүлү БУУнун баш катчысы менен жолукмакпыз. Оштогу жолугушууларына да катышмакпыз. Бийлик эл аралык уюмдардан миллиарддаган акчаларды алып, бирок таза шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук жаратып жатат. Кыргызстан бул бийликке чейин эле БУУга жана башка уюмдарга мүчө болгон. Биз бүгүн жасап жаткан ишибизди, үнүбүздү жеткирели деп чыкканы жатабыз.
Антониу Гутерреш 8-июнда башталган сапарынын алкагында Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кыдырат.
Жакында Кыргызстанда президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Бийлик бул өзгөртүүлөр таза шайлоо өткөрүүuө шарт түзөт деген пикирде. (RK)