Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Атамбаев менен Мирзиёев алаканы дагы кеңейтүүнү макулдашты


Астана, 2017-жылдын 9-июну
Астана, 2017-жылдын 9-июну

Казакстандын борбору Астана шаарындагы ШКУ саммитинин алкагында бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу маселесин талкуулашты.

Өзбек лидери “биздин кызматташтык бардык тармактар боюнча активдүү өнүгүүдө, ортодогу товар жүгүртүү өсүүдө, чек аралаш облустар ортосундагы контакт тереңдөөдө” деп айтып, “кайсы гана жолугушуу болбосун, биз алдыга жылууга аракет жасап жатабыз” деди.

Ошондой эле Мирзиёев Атамбаевди Өзбекстанга расмий сапарга чакырды жана “биздин алдыга жылууга жакшы негизибиз бар” деп белгилеп, "эки өлкөнүн ишкерлер коомчулугун бириктирсек, жакшы ийгиликтер болот" деп кошумчалады.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтып, кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттарында ишти илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президенттер тиешелүү мекемелерге ортодогу чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун макулдашууну даярдоо ишин тездетүү тапшырмасын беришти.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда соңку жылдары салкындап кеткен мамиле 2016-жылдын күз айынан тарта жакшы нукка өзгөрө баштаган. Атамбаев былтыр декабрда Өзбекстанга иш сапар менен барып, Самаркандда Шавкат Мирзиёев менен кезиккен.

Тараптар мамлекет аралык маселелерди чечүүнү макулдашкан жана тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилген.

Расмий маалыматка караганда, 1378 километрге созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 320 километри тактала элек. (NT)

XS
SM
MD
LG