Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Жээнбеков Нарындагы окуяны тыкыр териштирүүнү буюрду


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинде (БАУ) болгон окуяны иликтөө максатында бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү тапшырды.

Премьер-министр конфликттин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен бирге мындай окуялардын кайталанбоосу үчүн иш алып барууну тапшырды.

Ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жана Нарында болгон окуяны жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар бардык конфликттерди жеринде чечүүгө аракет кылышы керектигин билдирди.

Кечээ аталган окуу жайда окуган чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштар тобунун ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча милиция "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иш козгоду. (RK)

XS
SM
MD
LG