Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Астанада ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү ачылууда


Астанада бүгүн ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсү расмий ачылууда. Иш-чара “Болочоктун энергиясы” деп аталып, энергиянын кошумча булактарын өнүктүрүүгө, "жашыл экономиканы" колдоого, экологияны коргоого багытталган.

Анда энергиянын кошумча булактарын пайдалануу тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба көрсөтүлөт.

10-сентябрга чейин улана турган иш-чараны быйыл Астанада өткөрүү маселеси 2011-жылы Эл аралык көргөзмөлөр бюросунун Париждеги штабында жашыруун добуш берүү аркылуу чечилген.

Экспозицияны көрүү үчүн Казакстанга 100дөн ашуун мамлекеттин, он чакты эл аралык уюмдун өкүлдөрү келген. Жалпы 5 миллиондой катышуучу келери болжолдонууда.

Көргөзмө алкагына дүйнөлүк шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы концерттер, театралдаштырылган шоулор да болот. (NT)

XS
SM
MD
LG