Нарындагы Борбор Азия университетинин имаратында бүгүн Нарын шаарынын жаштары окуу жайдын окутуучуларынан жана студенттеринен кечирим сурап, бир пикирге келип алышты. Алар кечээ күнү кызуу кандуулук менен эмоцияга алдырганын айтышты.
Ошондой эле Нарындын жаштары окуу жайдын мугалимдерине "Манас" эпосунун китебин жана кыргыздын калпагын белекке беришти.
Окутуучу Диана Фауна эки тараптын ынтымакка келгендигине ыраазы экенин билдирди.
Кечээ аталган окуу жайда окуган чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштар тобунун ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча милиция "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иш козгоду. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков чырдын себептерин тыкыр иликтөөнү жергиликтүү бийликке тапшырды. (MiK)